Акылбек Жапаров: Ата мекендик продукцияларды тышкы рынокко чыгаруу активдешет

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы, башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

«Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу сиздердин ишиңиздердин негизги, чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. Ишти реалдуу жыйынтыктарга умтулуу менен натыйжалуу жүргүзүү керек. Албетте, республикада буга катар инвестициялык жана ишкер климатты жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл. Министрлер Кабинети өлкөдө бизнес климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүүдө», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга чет жердеги мекемелерге коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.