Акыйкатчы Кубат Оторбаев 1,5 млн сомдук унаадан баш тартты

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев кымбат унаадан баш тартып, 1,5 млн сомду балдар үйлөрүнө берүүнү чечти. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 4-октябрда Акыйкатчыга 1,5 млн сомдук жолтандабас сатып алууга тендер жарыяланган. Мамлекеттик сатып алуулар сайтында тиешелүу табыштама калтырылган болчу. Бул дароо социалдык тармактарда чоң талкууну жараткан эле.

Коомчулуктун катуу сынынан кийин Кубат Оторбаев Каржы министрлигине тендерди токтотууну жана акчаны балдар үйлөрүнө которууну суранып,  кат жолдоду.

Бул социалдык тармактагы талкуулардан кийин чиновниктер ири суммадагы сатып алуудан баш тарткан биринчи учур эмес. 2015-жылы Жогорку Кеңеш депутаттары 2,6 млн сомго отургучтарды сатып алууну токтоткон.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген