Актёр Уланбек Султангазиев: Манастан калган 7 осуят менен жашасак бийиктикке жетмекпиз

23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Бул күнү испан жазуучусу Сервантес,  англиялык акын- драматург Уильям Шекспир жана жазуучу Инка Гарсиласо каза болгон. 1995-жылы Парижде өткөн ЮНЕСКОнун жалпы конференциясы өтүп, бул күндү китеп жана автордук укук күнү деп белгиленген.

Бул күндүн урматына белгилүү инсандардын китептин пайдасы тууралуу пикирин угуп, китепти сүйүүчүлөрүнө кайсы китепти сунуштаар элеңиз деген суроо менен кайрылып көрдүк.

Уланбек Султангазиев, актёр:

–  Мен кыргыз рухун, тарыхын чагылдырган чыгармаларды сүйүп окуйм. Башкаларга да сунуштайт элем. Окуганда да жөн эле окубай маани берип окуса, таалим- тарбиянын баары ушунда деп ойлойм.

Мындай китептердин сап башында турган “Манаста” эле канчалаган улуулук жатат. Аны окуган адамда патриоттуулук сезим ойгонуп, эл- жерге, тилге болгон сүйүү тутанат. Манастан калган 7 осуят менен жашасак бийиктикке жетээр элек.

Кеңешбек Сайназаров, билим берүү боюнча адис:

–  Адамдын жан дүйнөсүн китеп гана байытып, китеп гана кеңейтет. Андыктан, окуш керек. Окурмандарга өзүм окуган Ли Куан Юнун “Мой взгляд на будущее мира”, Ирина Клинтухтун “Секреты исполнения желаний” деген китептерди сунуштайт элем. Чындыгында өтө сонун китептер. Жакында эле досум Төлөгөн Касымбековдун “Кел кел” чыгармасын окуп жатканын айтып, сезимдери менен бөлүштү эле. Аны уккандан кийин мен дагы кызыгып, кайрадан бир окуп чыгайын деп турам.

Асел Чоткараева, актриса:

 

–  Адам билимди китептен табат. Китеп гана өстүрө алат деп эсептейм. Ошондуктан, жаштар интернеттен баш тартып, күнүгө беш беттен болсо да китеп окуп турушса дээр элем.

Ал эми мага жаккан китептер деп Гоголдон “Шинелди”, Киплингден “Мауглини”, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасын сунуштайм.

Асанбек Каракозуев, журналист:

–  Китеп окуунун ырахатын сезүү башка. Мен Түштүк кореялык ишкер, “Дэу” компаниясынын негиздөөчүсү Ким У Жунгдун “Бул – бизнес кылууга чоң дүйнө”деген китебинен өзүмө көп нерсе алдым. Анда жумушка болгон мамиле, келечекке максат коюу, акчаны туура пайдалануу сыяктуу реалдуу жол көрсөткөн кеңештер жазылган. Иштен адам өлбөсүн, ага акыры көнүп калуусун, жыйынтыгы өнүгүү менен пайдага чыгаарын үйрөндүм. Автордун көп кеңештери эсимде калды. Алардын бири: “Адамдар 8ден 5ке чейин иштесе, биз таңкы 5тен кечки 8ге чейин иштейт элек”,-дегени мага катуу таасир этти. Анан да: “Акчаны эң зарыл учурда гана иштет”, “Пайда алып келе турган нерседен миллиондогон каражатыңы да аяба”,-деген сөздөрү менин ипотекамдан кутултууга жардам берди.

Ким У Жунгду кыргызстандыктар тааныйт. Анткени бизде анын фирмасы чыгарган “Дэу” автоунаалары көп жүрөт. Эми анын китеби да көп кыргызстандыктарга пайдасын тийгизсин деп ал китепти кыргызчага которо баштадым.

Китеп тууралуу улуу инсандардан улуу ойлор:

Иосиф Бродский, акын- драматург: «…Дүйнө жүзүндөгү кылмыштардын эң коркунучтуусу китепти окубоо, китепти барк албоо… Бул күнөөсү үчүн адам өмүр бою азап тартат, жазаланат. Эгерде бул кылмыш кайсы бир улуттун алкагында болсо, анда бул улут өзүнүн бүтүндөй тарыхы менен жооп берет»

Вольтер, философ: “Жакшы китепти биринчи жолу окуп жаткан адам жакшы доско жолуккандай эле болот. Ал эми окулган жакшы китепти кайрадан окуу- эски досуңду жолуктургандай эле сезим калтырат”

Анатоль Франс, француз жазуучусу: “Өзүңдүн китебиңди эч кимге бербе, берсең кайра келбейт. Менин китепканамда башкалардан алган китептер гана сакталып калган”

Марк Твен, америкалык жазуучу: “Жакшы достор, жакшы китептер жана тынч жаткан абийир- мына чыныгы жашоо”

Джордж Мартин, америкалык жазуучу: “Уйку- жакшы, а китеп- андан да жакшы”

Карло Гольдони, венециялык драматург: “Колунда жакшы китеби бар адам эч качан жалгызсырабайт”

Максим Горький, жазуучу: “Жакшы китеп- чыныгы майрам”

Александр Блок, акын, жазуучу: “Китеп- колдоно билген адам үчүн сонун нерсе”

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.