Актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival эл аралык кинофестивалынын чакыруусу боюнча Бишкекке Түркиянын Стамбул шаарында тартылган жаңы телесериалды тартуулоо үчүн “Керемет кылым” телесериалы менен белгилүү болгон актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулар тобу тарабынан белгилүү болду.

Азия эл аралык кинофестивалы Лос-Анжелесте коомдук ишмер, учурда Франциядагы жана ЮНЕСКОдогу ыйгарым укуктуу элчи Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. 2019 -жылдан бери фестивалдын төрагасы – ишкер жана меценат Шухрат Ибрагимов.

Уюштуруучулардын айтымында, жаңы долбоордун урматына пресс -конференция жана жеке гала -кече сентябрдын башында Бишкекте өтөт. Мерьем Узерлиден тышкары, фестивалга атактуу немис сүрөтчүсү Мартин Вертмандын, фестивалдын аткаруучу директору Джордж Шамшумдун жана продюсер, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Мерал Мелики Дуранддын катышуусу күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.