Аксынын тургуну жыгачтан миңден ашык сувенир жасады

Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын тургуну Өскөнаалы Музулманов устачылык өнөр менен 45 жылдан бери алектенет. 63 жаштагы устанын коллекциялары азыр миңден ашты.

Музулманов жыгачтан жаныбарлардын түрлөрүн, канаттууларды жасайт. Каарманыбыз устачылыктын артынан акча табууну көздөбөйт. Болгону колдо даярдалган баалуу белектерди дос, туугандарына арнаганды жакшы көрөт. Бул анын хрббиси.

“Бир караганда булар дарактын бир бөлүгү, тамырлар, дүмүрчөктөр экени көрүнүп турат. Бирок мен  үчүн булар жаратылыш фантазиясы. Мындай тамырларга жаныбарлардын элесин түшүрүп, экинчи жашоо тартуулайм”, – деди Өскөнаалы Музулманов.

Музулмановдун кесиби мугалим. Учурда №34  Н.Мешков атындагы мектепте иштет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz