Аксыдагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин атынан Жунушалиев бир эле учурда 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, 200 миң сом – курман болгондордун эки үй-бүлөсүнө, ар бирине 100 миң сомдон тапшырылды.

Министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом жана курман болгондор бар эки үй-бүлөгө ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү.

Төраганын биринчи орун басары курман болгондордун жакындарына колдоо жана көңүл айтуу сөздөрүн айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы баланы издөө иштери улантылып жаткандыгын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.