Аксыда өспүрүм жылкы менен кошо дарыяга кулап кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мектеп окуучусу жылкы менен кошо көпүрөдөн дарыяга кулап кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, кечээ, 24-майда саат 14:00 чамасында Аксы районунун 11 жаштагы тургуну Н.Э. жайлоону көздөй атын минип кеткен. Алар көпүрөдөн өтүп баратып, дарыяга кулап кетишкен.

Бул факт кокустук катары бирдиктүү реестрге катталды. Учурда окуя болгон жерде издөө иштери жүргүзүлүүдө.  Жылкы табылды, бирок бала дагы эле табыла элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.