Аксыда сел жүрдү. Жабыркагандар бар

12-июлда, саат 20:00 чамасында, Жаңы-Жол айыл аймагындагы Аксы районунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адамдарды агызып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ак-Жол айылында, Жолборсту айылында жолдор жана көпүрөлөр талкаланган. Таштак айылындагы эки баланы сел агызып кетти. Жалпысынан сел 8 адамды алып кеткен, 6сы табылды.

Издөө иштеринин натыйжасында 6 адамдын сөөгү табылды, алардын өздүктөрү такталууда.

Калгандарын (эки баланын) издөө иштери улантылууда.

Ага ӨКМДин 25 куткаруучу, 17 милиция кызматкери, 64 жергиликтүү тургун жана башкалар катышууда.

Так маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.