Аксыда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Аксы районунун Жаңы-Жол айылында эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.

Ошондой эле Таштак айылында 2016-жылы туулган баланы, Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-жылы туулган кызды агызып кеткен.

Бүгүн, 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБинен 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Саат 10:30дар чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 2018-жылы туулган кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган. Учурда 2016-жылы туулган баланы издөө иштери уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.