Аксыда күйдүргү оорусуна эки адам чалдыкты. Алар 40тан ашуун адамдар менен байланышта болушкан

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргүгө шектүү деп ооруканага жети адам жаткырылган. Эки адамдын лабораториялык анализи оң чыкты. Бул тууралуу республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан билдиришти.

Маалымдалгандай, калган беш адамдын жыйынтыктары терс чыккан.

«Лабораториялык изилдөө дагы эле уланууда, биз күтүп жатабыз. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, бардыгы дарыланууда. 41 байланыш аныкталды, анын ичинде 14 жашка чейинки он адам, калгандары чоңдор », – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин бейтаптардын денесинде күйдүргүнүн белгилери бар экени айтылган.

Белгилүү болгондой, ооруган малдын эти бир нече үй -бүлөгө таратылып, аны 50дөн ашык адам жеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.