Аксыда үч адам ууланып каза болду, дагы бир бейтап дарыланууда

Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкенин “Кабар” агенттиги жазды.

Анда маалымдалгангай, Аксы аймактык ооруканасына 4 адам кайрылган, анын үчөө көз жумган. Ал эми бир бейтап дарыланууда, анын абалы орто оор деп бааланууда.

Бул маалыматты облустук милиция дагы тастыктаган:

“Биз алардын эмнеден уулангандыгын айта албайбыз, бирок ууланган үч адам ооруканага жеткирилген соң 4-март күнү таңга жуук каза болушканын ырастай алабыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт”.

Алдын ала маалымат боюнча, ооруканага кайрылгандар спирт ичимдигинен ууланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.