АКШда өтө тездик менен картайып бара жаткан кыз өзүн интернет жылдызы деп эсептейт. Видео

“Ынтымак” ааламдын ар кайсы бурчунда өмүр сүргөн: сейрек кездешкен оору менен жабыркап, бирок ага моюн сунбаган, жашоону сүйгөн адамдардын тагдырларын кыргызчалап, назарыңыздарга сунуштайт.  

Адалия – өтө тездик менен картайып бара жаткан кыз. Ал АКШнын түштүгүндөгү Техас штатында төрөлгөн.

Адалия прогерия генетикалык дарты менен жабыркайт. Бул дартка чалдыккан адамдын терисинде жана ички органдарында өзгөрүүлөр жүрүп, натыйжада оорулуу тез картаят.

“Менин атым Адалия. Мен 10 жаштамын, бирок 11 жаштагыдай көрүнөм. Мага боенуп, сулуу болгон, барби куурчагын ойногон жагат. Ошондой эле видеолорду көргөн, инилерим менен ойногонду жакшы көрөм”,- дейт тамашакөй Адалия.

Адалия кабылган оору менен дүйнөнүн 500дөн кем эмес жашоочусу жабыркайт. Бул дарттын белгилери ар кандай болушу мүмкүн: кээ бирлердин өсүүсү токтосо, кээ бирлердин денеси жана булчуңдары шишип кетет. А башкалардын бул оору  кан тамырларын көптүрүп же чачтарын күбүп салат.

“Биз кызыбыздын абалына карап, ага аяр мамиле жасабайбыз, андай эмес, мындай кылышың керек деп да түшүндүрбөйбүз. Кадимки эле 10 жаштагы дени сак кыздай мамиле кылабыз”,- дейт атасы Райан.

Статистикага таянганда, прогерия менен төрөлгөн балдар 13 жаштан ашык жашай албайт.

“Биз үйдө Адалиянын жашоосу келечекте кандай болоору жөнүндө же аны айыктырууга мүмкүнчүлүктөрдүн бар же жоктугу тууралуу, аны эмне күтүп жаткандыгы тууралуу сүйлөшпөйбүз, жөн гана жашайбыз. Каалаган учурда биз күтпөгөн нерсе болуп кетиши мүмкүн”,- дешет Адалиянын ата-энеси.

Ден-соолугу тарабынан канча кыйынчылыктарга туш болгонуна карабастан, Адалия интернет жылдызына айланган. Ал жасаган видеолорду YouTubeдан 170 млн адам көрүп,  Фейсбуктан 13 млн лайк басылган. Анын YouTubeда жеке баракчасы да бар.

Адалиянын ата-энеси кызына болушунча колдоо көрсөтүп, тирүү кезинде жакшы, оюндагыдай жашашы  үчүн болгон аракеттерин жумшашат, бирге убакыт өткөрүшөт.

“Адалия аябай шайыр кыз, өзүн өзү боентуп видео тартат. Андыктан көчөдөн көргөн адамдаркызымды таанып, Адалиядан жылуу сөздөрүн аяшпайт, андайда кызым аябай сүйүнөт”,- дейт апасы Наталия.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.