АКШда коронавирусту бир жарым саатта аныктай турган маска иштелип чыкты

90 мүнөттүн ичинде COVID-19 коронавирусун аныктай турган жаңы медициналык маска иштелип чыкты. Бул тууралуу Массачусетс технология институтунун жана Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү билдиришкенин rbk.ru жазып чыкты.

Маскаларда коронавирусту аныктай турган бир жолу колдонулуучу кичинекей сенсорлор бар, деп жазат басылма.

Иштетилгенде, алар топтолгон тамчыларды анализдеп, COVID-19га тест тапшыра башташат.

Мындай сенсорлор лабораториялык халаттардын ичине киргизилип, башка вирустарды аныктоого ыңгайлаштырылат. Буга чейин алар Эбола жана Зика вирустарын аныктоодо колдонулган.

Жеке коргонуу каражаттарын тагынган адам дем алганда вирустук бөлүкчөлөрдү аныктоочу сенсорлор масканын ички бөлүгүндө жайгашкан. Натыйжалар, ошондой эле, купуялыкты сактоо максатында масканын ички бетинде гана көрсөтүлөт.

Маскадагы сенсорлор ПЦР тесттери сыяктуу эле, COVID-19га өтө сезгич.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.