АКШда арстанды бууп өлтүргөн Тарзан пайда болду

АКШ нын Колорадо штатында чуркоого чыккан тургунга тоо арстаны ташталган. Жүзүнөн жана колдорунан жаракат алган адам жырткыч менен узак убакытка кармашып аны колдору менен бууп өлтүргөн.

Окуя  Форт-Коллинс аймагында  болгон. Жырткыч менен кармашып жашоосун куткарган адам Колорада Паркына чейин жаралуу келип окуяны айтып  жардам сураган .

Маалыматка ылайык 1990-жылдан бери Колорадо штатында буга чейин тоо арстандары 3 кишинин өмүрүн алса,16 киши оор жаракат алган.Учурда тоо арстанын өлтүргөн киши денесинен жаракат алып ооруканада экени айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген