АКШ Шинжаңдагы репрессияларга байланыштуу Кытайга жаңы санкцияларды киргизди

АКШ Шинжаңдагы уйгурлардын укуктары бузулуп жатканына байланыштуу бир нече кытайлык компанияга санкцияларды киргизди.

Кошмо Штаттардын Соода министрлиги кабарлагандай, санкциялык тизмеге биотехнология жана чалгын тармактарында иш алып барган Кытайдын Медициналык изилдөөлөр боюнча аскердик академиясы баштаган 11 изилдөө институту киргизилип, алардын экспорттук укуктары чектелди.

Кытай кеминде акыркы беш жылдан бери Шинжаң автоном районундагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарга карата репрессиялык саясат жүргүзүүдө деп эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Өз кезегинде Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып, ал аракеттерин радикалдашууга каршы күрөш менен түшүндүрүүдө.

АКШ администрациясынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген жогорку кызматтагы өкүлү өлкөнүн Каржы министрлиги да бир катар кытайлык компанияларга каржылык айып салууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, америкалык чалгын Кытай бийлиги Шинжаңдын 12 жаштан 65 жашка чейинки жашоочуларынын ДНК үлгүлөрүн чогултуп, биометрикалык маалыматтар аркылуу адамды жүзүнөн таануу боюнча жогорку системалуу аңдуу системасын түзгөнүн аныктап чыккан.

Ал ортодо 16-декабрда Сенат мажбурлоо эмгеги пайдаланылбаганын далилдей албаган Шинжаңдагы ишканалардын бардыгынын өндүрүмдөрүн импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун биротоло жактырды. Президент Жо Байден бул документке кол коет деп күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.