АКШ санариптик юань долларга коркунуч жаратарын байкады

Ак үй Кытайдын санариптик юанды колдонуу пландары жөнүндө маалымат чогултуп жатат. АКШнын айрым расмий булактары КЭР бул валютаны дүйнөдөгү доллардын баасын төмөндөтүү үчүн колдонушу мүмкүн деп чочулашат. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Агенттиктин маектештери белгилегендей, АКШнын каржы министрлиги, Мамлекеттик департаменти, Пентагон жана Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкерлери ушул валютаны колдонуудан “анын кесепети кандай болоорун түшүнүү” аракетин күчөтүштү.

Алардын айрымдары санариптик юанды колдонуу “долларды дүйнөдөгү негизги резервдик валюта ролунан ажыратуу үчүн узак мөөнөттүү аракеттердин элементтеринин бири болуп калат” деп кооптонушат.

Мындан тышкары, чиновниктер санариптик юандын кандайча жайылып кетишинен жана аны АКШнын санкцияларынан айланып өтүүгө болобу деп чочулашууда. Басылмада белгиленгендей, Вашингтон глобалдык каржы тутумунун узак мөөнөттүү келечекте кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин өзгөчө маанилүү деп эсептейт.

Маалымат булактарынын айтымында, учурда Байдендин администрациясы “Кытайдын санариптик валютасынын коркунучтарына каршы иш-чараларды” пландаштырбай жатат, тескерисинче, “санариптик доллар” жаратуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.