АКШ полиция кызматкерлерине кылмышкерди муунтуп кармоого тыюу салды

Вашингтондо полиция кызматкерлери кылмышкерди кармоо учурунда аны муунтууга тыюу салынды. Аталган чечим Вашингтон шаардык кеңеши тарабынан колдоого алынгандыгын regnum.ru жазды.

Массалык нааразычылык акциясынан улам Вашингтон шаардык кеңеши полицияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө нааразычылык акциясына чыккандарды таратууда резина ок жана химиялык активдүү заттарды колдонууга тыюу салуу, шектүүлөрдү кармоодо муунтууга жана жарандарга каршы күч колдонгон полиция кызматкерлеринин ысымдарын тез арада ачыкка чыгаруу талабы кирет.

Ушундай эле өзгөрүүлөр буга чейин АКШнын Сиэтл, Сан-Диего, Хьюстон, Финикс жана Денвер шаарларында кабыл алынган.

25-майда афро-америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам, АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.

Анын сөөгү кечээ, 9-июнда жерге берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген