АКШ Мамдепартаменти Түркия элчисин чакырды

АКШнын мамлекеттик департаменти Вашингтондогу башаламандык тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн Түркия элчиси Сердар Кылычты чакырды. Белгилей кетсек, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын АКШга болгон иш сапарында Вашингтондогу түрк элчилигинин алдында эки тараптуу кагылышуу чыккан.

Анда Эрдогандын тарапташтары менен ага каршы тынчтык митингине чыккан күрд демонстранттары ортосунда мушташ чыгып, 11 киши жараат алган. Башаламандык Эрдоган менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусунан кийин болгон. Түрк лидери Трампка Түркиядагы күрд көтөрүлүшчүлөрү менен түзгөн союзун тааныбай турганын баса белгилеген.

Буга чейин Трамп “Ислам мамлекети” өңдүү согушкерлер менен күрөшүү үчүн, күрд кошуунун курал-жарак менен камсыздоону пландап жатканын айткан болчу. Ал эми Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон  башаламандыкты, Сердар Кылыч – “тынчтык митингине чыккан күрт демонстранттары өздөрүн агрессивдүү тутуп, Эрдоганды колдогон кишилерге карата кол салышкан” деп белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген