АКШ элчилиги Кыргызстан элин грин-кард алууда этият болууга чакырат

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги учурда бир канча веб-сайттар грин-кард лотереясы боюнча электрондук анкеталарды тапшырууга жардам көрсөтүү жарнамаларын сунуштап жатканын, бирок айрым ортомчулар, визалык агенттер же кеңешчилер өздөрүнүн кызматтарын мыйзамдуу деп көрсөтүп келишкенин жарыя кылды. “Мындай бизнес же кызматтар сунушталганы менен, алар АКШ Элчилигинин же грин-кард лотереясынын өкүлдөрү болуп эсептелбейт. Грин-кард лотереясына анкета тапшыруу аябай жөнөкөй жана ал үчүн акы алынбайт”,-деген маалымат таратты.

“Айрым абийирсиз ортомчулар, грин-кард лотереясынын катышуучуларына жардам көрсөткөн соң, алардын анкеталарынан керектүү маалыматты сактап калып, андан соң лотереянын катышуучуларынан ири суммада акча талап кылып келишкен. Кээ бир ортомчулар, грин-кард лотереясын утуп алгандыгы жөнүндө маалымат үчүн, айрымдарды мыйзамсыз кадамдарга мажбурлашат. Эгерде грин-кард лотереясына анкета ортомчулар аркылуу тапшырылса, анда анкета толтурулган соң анын уникалдуу номерин жана тастыктоочу маалыматын ар бир катышуучу өзүндө гана сактап калуусу зарыл”,-делет маалыматта.

Ошондой эле грин-кард лотереясына тапшырууга эч кандай ортомчулардын кереги жоктугун, эгерде катышуучунун жеке маалыматы анкетасында туура эмес көрсөтүлгөн болсо, ал адам лотереяга катышуудан четтетилет, жана бул жагдай иммиграциялык визаны алууда тоскоолдук жарата турганын эскертет. Лотереянын ар бир катышуучусу өзүнүн анкетасындагы маалыматтын чындыгы жана толуктугу үчүн өзү гана жоопту болуп эсептелет.

“Грин-кард лотереясына катышуу үчүн ашыкча чыгым болбой, ортомчулардын кызматын колдонбоого чакырабыз. Тиешелүү анкетаны тапшыруу тартиби жөнүндө маалымат үчүн Мамлекеттик Департаменттин вебсайтына баш багууну сунуштайт.

Грин-кард лотереясына анкетаны ким толтурбасын, бардык анкеталар Мамлекеттик депатаменттин расмий сайты аркылуу гана кабыл алынат жана лотереяга катышуу үчүн акча алынбайт.

Ар улуттагы иммигранттар үчүн багытталган жана кокустук жолу менен тандап алуучу визалык программа жылына 55, 000 иммиграциялык визаларын берет. Бул долбоор АКШ Конгреси аркылуу бекитилген жана АКШга иммиграциясы төмөн болгон жана тиешелүү талаптарга жооп берген чет мамлекеттердин жарандарына арналган.

Эгерде грин-кард лотереясына (DV2020) катышууга кызыкдар болсоңуз, анда биздин вебсайт же социалдык тармактар аркылуу лотереянын башталышы жөнүндө билдирүүлөргө көз салып туруңуз.

Эрежелерге ылайык, бир каттоонун мөөнөтүндө лотереянын катышуучусу бир гана анкета тапшырууга укуктуу. Бирден ашык анкета тапшыргандар лотереяга катышуудан четтетилет. Анкетанын электрондук сүрөтүнө болгон талаптар: анкета толтурулган күнгө карата сүрөт 6 айдан ашуун эски болбошу керек.

Өткөн жылдын лотереясына колдонулган сүрөтү бар анкеталар лотереяга катышуудан четтетилет”,-деп белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген