“Аксакал студент”: Маматмуса Кулматов 82 жашында окуу жайды аяктады

«Аксакал студент» атка конгон 82 жаштагы Маматмуса Кулматов күн сайын өзү билим алып жаткан окуу жайына 10 чакырымдай аралыкты жөө басып өтөт. Жөө жүрүү анын хоббисине айланган. Улгайдым, чарчадым дебестен, 79 жашында Ош облусунун Араван районундагы «Дулдул тоо» колледжинин фармакология адистигине тапшырган. Бул жылы мамлекеттик сынактарды жалаң «5» деген баалар менен окуу жайды аяктады.

17-июнь күнү «Мамлекеттик сынакты» ийгиликтүү тапшырган каарманыбыздын кубанычында чек жок. Анткени «аксакал студенттин» дарыгер болом деген бала кезиндеги кыялы ишке ашып отурат.

Маматмуса аксакалдын ойлогон оюн, кыстаган турмуш жеңип, Улуу Ата Мекендик согушка кеткен атасынан 6 жашында, апасынан 9 жашында айрылган. Оор илдеттен айыкпай, көз жумган апасынын өлүмү аксакалды дарыгер болууга түрткөн экен.

Ал буга чейин Ош МУнун биология жана химия факультетин андан соң, Токмок шаарындагы авиация окуу жайын аяктаган. Мындан сырткары, агрономия кесибине да ээ болгон. Ай сайын алган 6 миң сом пенсиясын окуу акысына төлөп, учурда төртүнчү кесибине ээ болду.

Маматмуса Кулматов фармакология факультетине тапшыраар алдында, анын жакындары каршы болгондугун айтат. Буга чейин ал дары чөптөрдүн жардамы менен айрым илдеттерди айыктырып келген. Эми билимдүү адис катары бул кесибин улантып, дары чөптөрдү изилдеп, кандидаттык диссертация жазууну максат кылууда. Учурда дары чөптөр боюнча иликтөөлөрүн жазып, сактап жүрөт.

Студент аксакал байбичеси экөө бир уул, төрт кызды эрезеге жеткирген. Учурда  он сегиз неберенин, бир чеберенин сүйүктүү чоң атасы.

Улгайганда жогорку билим алышкан жарандар бар. Батыр Жалиев 74 жашында  Ош технологиялык университетинин декаративдүү колдонуу чыгармачылык адистигин аяктаган. Ал өзүнөн дээрлик 51 жаш кичүү улан-кыздар менен Жогорку окуу жайында билим алып, эң улгайган студент катары Кыргызстандын тарыхында калган эле. Эми Кыргызстандагы бул рекордду Маматмуса Кулматов жаңылады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген