Акматова: айрымдар карантинди достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда

Айрымдар жарандар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Тилекке каршы, айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек”, – деди ал.

Эске салсак, өлкө аймагында 1 айга өзгөчө кырдаал жарыяланган. Коронавируска чалдыккандардын саны 14, алардын бири жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Бүгүн Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген