Акимдер менен ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлорду түзүү үйрөтүлөт

Кыргызстанда акимдер менен губернаторлорго инвестициялык долбоорлорду түзүү үйрөтүлөт. Бул тууралуу кечээ, 25-августта министрлер кабинетинин кезексиз жыйынынан белгилүү болду.

Анда министрлер кабинетинин башчысы экономика жана финансы министрлигине, айыл чарба министрлигине, ошондой эле инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине инвестициялык долбоорлорду жазуу, окуу жана сунуштоо боюнча региондордогу жетекчиликке окутуу программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Улукбек Марипов белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн бюджетин толтуруу маселеси курч турат. Чыгымдар бөлүгү буга чейин 12 миллиард сомго жеткен жана бул чыгымдарды жылдын аягына чейин ички гана эмес, тышкы булактардын эсебинен жабуу зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.