Ак-Тилек аймагы сууну эң сарамжалсыз пайдаланат. Бул убакта башкаларга суу жетпей жатат

Ош шаарындагы  Ак-Тилек аймагынын калкы сууну эң эле коромжул пайдаланышат.  Бул жердеги жашоочулар таза сууну ичүүдөн сырткары сугат катары да колдонушат.  Мындай үнөмсүз пайдалануу ар бир үйдө кездешери атайын  текшерүүнүн жүрүшүндө  маалым болду.

Шаардык суу чарба башкармалыгы таза сууну бир гана шаар калкына эмес, калаага жакын жайгашкан 6 айылга жеткирүүсү керек. Ал үчүн сууну сарамжалсыз пайдалангандарды азайтуу зарылчылыгы турат. Мисалы, Ак-Тилек аймагындагы суу үнөмдөлсө, Кыргызстан айылындагы калк  да ичимдик суу менен толук камсыз болмок.

Рейддин жүрүшүндө сууну натыйжасыз колдонгон ондогон үй ээлерине акттар түзүлүп, айып пулдар салынды. Бир нече жолу эскертүү берилгендердин болсо  суу түтүктөрү кесилди.

“Иш чараны Ош шаарынын бардык аймактарында улантабыз. Күн ысып баштады, ушундай үнөмсүз колдонушкандыктан, айрым аймактарга суу жетпей калуу коркунучу бар”, – дейт Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Кожоев.

Таза сууну негизсиз сарптап жаткандардан сырктары  суу чарба башкармалыгы менен келишим жок, бак-дарактарын сугарып же унаа жуучу жайларда сууну негизсиз коротуп жаткандар аныкталып, акттар түзүлдү.   Шаарды толук суу мененк камсыздоо үчүн мындан ары аталган ишкананын текшерүүсү күн сайын уланат.

Видео: Кымбат Абдысамат уулу

Текст: Айдай Белебек кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген