Ак-Суудагы мектепти 20 жыл мурун аяктаган окуучулар аз камсыз болгон үй-бүлөгө там салышууда

Ыссык- Көл облусунун  Бөрү-Баш айылындагы жакыр үй-бүлө күзгө чейин үй менен камсыз болот. Аны аталган айылдагы мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүргөн окуучулар куруп беришүүдө. Бул туурасында  Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында айылдын мектебин 20 жыл мурда  бүтүрүгөн окуучулар демилге көтөрүшүп, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өтө жакыр жашаган бир үй-бүлөнү турак жай менен толук камсыздоону чечишкен.

“Бул демилге айыл жаштары үчүн салт болуп, ушуну менен токтоп калбастан жыл сайын улантылуусу керек. Күзгө чейин бир үй-бүлө турак жай менен толук камсыздалып жакыр, көп балалуу, жесир үй-бүлөлөргө пландалган үйлөрдүн пайдубалдары куюлуп даяр болмокчу”,-деди уюштуруучу топ.

Белгилей кетсек, май айында  Өзгөндүн Кашка-Терек айылында  20 жылдык бүтүрүүчүлөрү да  бир үй-бүлөгө там салып берген. Бул иштерин бүтүрүүчүлөр жолугушуу кечесин  ресторанда өткөрүүнүн ордуна соопчулук ишти тандап алгандары менен түшүндүрүшөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген