Ак Шумкарлар Азиянын эң мыкты командасынан утулуп калды

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Япониянын “Кашима Антлерс” клубу менен беттешип 2:0 эсебинде жеңилди.  Бул жөнүндө КРнын футбол федерациясы жазып чыкты. 

Эки команданын жолдошдук оюну кечээ 17-ноябрда Кашима шаарындагы “Kashima stadium” аренасында өткөрүлдү. Белгилей кетсек, “Кашима Антлерс” 10-ноябрда Азия чемпиондор лигасынан утуп алган болчу. Алар финалда Ирандын “Персеполис” командасын жеңип алган.

Азыр,  Александр Крестинин шакирттери күн чыгыш өлкөдө, 2019-жылы БАЭ өтүүчү Азия кубогуна даярданууда. Эми Кыргызстандык футболчулар Япония курама командасы менен  беттешет.

Ал оюн,  20-ноябрь куну Тойота шаарындагы “Toyota Stadium” стадионунда  болот. Беттеш Бишкек убактысы менен 16:20 да башталат.

Азыр ФИФА рейтингинде Япония 50-катарда турса, Кыргызстан 91-орунда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген