Ак үйдүн кызматкерлерине кол көтөргөн “митингчилердин” бири кармалды

Садыр Жапаровду колдоо митингинде Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулмалаган аялдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын бири 47 жаштагы Ч.Н. Бишкек ШИИБне жеткирилди.

 «Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, — дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкан аялдар Жогорку Кеңештен чыгып бара жаткан аппарат кызматкерлерин жулкулдап, сөгүп, түкүрүп, кол көтөрүшкөн. Мындан улам, социалдык тармактын колдонуучулары аларды жоопко тартууну талап кылган.

Ак үй.”Митингчи” аял: Тигил жакта карапайым эл тырылдап жатса, сен неге олтурасың, ыя? Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген