Ак-Бууранын жээгиндеги чырлуу жер азыр мамкаттоодо камоодо турат

Ак- Буура дарыясынын жээгиндеги чуу жараткан жер тууралуу мамлекеттик каттоо башкармалыгы маалымат берди. Аталган аймак 2010-жылы мэрия тарабынан  жеке адамга жашылдандыруу багытында берилген. Бирок убакыттын өтүшү менен көрктөндүрүү үчүн берилген жер мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кеткен. Учурда чыр жараткан жер мамкаттоо башкармалыгында камоодо турат.

Ушул жылдын 22-май күнү Ак- Буура дарыясынын боюнда эс алып жүргөн эки тургун жээкти тосуп жаткан жер ээлери тарабынана ур-тепкиге алынган. Бул окуядан кийин дарыянын жээги мыйзамсыз тосулуп жаткандыгы активисттер тарабынан коомго чагылдырылып, көпчүлүктүн кызуу талкуусуна кабылган.

“Ынтымак” чуулгандуу талкууну жараткан жер кимге тиешелүү экенин тактоо үчүн мамкаттоо башкармалыгына барган.

“Бизде 2010- жылы Ак-Бууранын жээгиндеги 2200 чарчы метр жер Ош шаарынын тургуну Валиев Бостонго жашылдандыруу үчүн берилгендиги тууралуу документ бар”,- деди мамкаттоо кызматкери Ильяз Сансызбаев.

Бостон Валиев аталган жерди менчиктештирип алган соң, 2012-жылы башка бир адамга саткан.  Ал адам 2013-жылы Абдималик Парханов аттуу жаранга соодалап жиберген.

Жердин азыркы кожоюну болуп Парханов Абдималик эсептелет. Ал жер Пархановдун карызы бар  үчүн учурда мамкаттоо башкармалыгында камоодо тургандыгы белгилүү болду.

Ал эми жер участогун тосууда чыккан мушташты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү териштирүүгө алып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жердин өзүн болсо мэрия өкүлдөрү кайтарабыз деп убадалашты. Бул үчүн алар сотко кайрылган. Ал ортодо прокуратура мэрияга карата кылмыш ишин ачты. Анткени суу-корук зонасындагы жерлерди жергиликтүү бийлик Өкмөттүн уруксаты менен гана көрктөндүрүү үчүн ижарага бере алат. Акыркы чуу жараткан 1900 чарчы метр жер боюнча мэрия Өкмөттөн уруксат алган эмес.

Мыйзам боюнча Ак-Бууранын жээгинде 50 метрге чейинки аралыкта курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок суу жээгиндеги мыйзамсыз салынган объектилердин саны азыр 1200гө жетет.

 

Сюжетти даярдагандар: Чынарбек Алипбеков, Кымбатбек Абдисамат уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген