

Унаа менен кошо Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен эки адамдын бирөөсүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыктын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаадагы 3 адамдын ичинен 2 адам (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга чөгүп кеткен.
17-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 19 куткаруучу тартылып, саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Бүгүн,18-сентябрда издөө иштери улантылат.
- 18.09.2020