Ак-Буура дарыясына түшүп кетип табылбай жаткан баланын жансыз денеси табылды

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.

27-сентябрь күнү издөө  иштерин улантуу максатында саат 08:00дө Ноокат райондук №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 16:40 чамасында жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, кырсыктын кесепетинен унаадагы 3 адамдын ичинен 2 адам (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга чөгүп кеткен. 17-сентябрь күнү 1956-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Ноокат: Дарыяга кулап кеткен унаанын ичиндеги жарандар изделүүдө

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген