Айылдык депутаттар Атабековдо 100дөн ашык чек мыйзамсыз сатылганын айтууда

Сузак районун Атабеков айыл аймагында 100дөн ашуун жер тилкелери мыйзамсыз берилген. Мындай маалыматты аталган айыл аймактык кеңештин төрагасы айтып чыкты. 2009-жылы жерге мораторий жарыяланып, андан бери 800дөн ашуун үй-бүлө жер сурап кезекте турат. Бирок аларга жер жоктугун жүйөө келтирип, жергиликтүү бийлик чек бербей келет. 

Мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча маселе  сугат жерге курулуп жаткан үйдөн улам билинген. Анткени бул жер өкмөттүн резервдик фондундагы тилке болуп, айыл чарба багытында иштетүү үчүн тургундарга ижарага берилип келген. Жер трансформация болбой туруп, 2017-жылы чек катары 165 миң сомго берилген.

Трнасформация болбогон жерге кандай кызыл китеп берилип кеткени боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү комментарий берүүдөн баш тартты.

Түркабаддыктар жерге байланыштуу жергиликтүү депутаттарга кайрылган. Ошондо гана мыйзамсыз берилип кеткен тилкелердин саны бирөө эмес, жүзгө чамалай турганы белгилүү болду. Эл өкүлдөрү айылдагы 1150 гектар жердин канчасы калып, канчасы бөлүнүп берилгенин өкмөттөн сураган, бирок жооп алыша элек.

Атабеков айыл аймагынын башчысы болсо жер тилкелери ал дайындалып келгенге чейин мыйзамсыз берилип кеткенин ачыктады. Ал эми 100дөн ашуун чек сатылган деген сөздөрдү  төгүндөп, 2006-жылы акыркы жолу трансформация болгон 2 гектар жер, мурдагы өкмөттүн 2012-2013-жылдардагы токтому менен элге берилгенин кошумчалады.

Текст: Кабылбек Көчкөнбай уулу

Видео: Шайырбек Зайырбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.