Айылдарда таза суу таңкыстыгы качан жоюлат? Видео

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу айылдарда таза суу таңкыстыгы чечилбей келет. Жай айларында таза суу таптакыр чыкпай калса, кышындасы 2 саат гана суу берилет. Көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик суу кампа курууну пландап жатат.

Андагы 12 айылга график аркылуу күнүнө 2 гана саат суу берилип, башка учурда токтоп калат. Ал эми Мээркан айылынын тургундары сууну каналдан алышат.

Аталган айыл аймактагы суу көйгөйү Жогорку Кеңештин жыйынында да айтылган. Эл өкүлү Абдувахаб Нурбаев, айылдарга таза сууну үзгүлтүксүз жеткирүү долбоорун 2018-жылы бүтүрүүнү өкмөт мүчөлөрүнө талап койгон.

Жапалак айылдык аймагынын башчысы таза сууну үзгүлтүксүз жеткирүү тууралуу атайын долбоор иштеп жатканын билдирди.

“Ал үчүн суу кампа куруу пландалууда. Ага Орке айылынын жогорку тарабынан бир гектар жер аянты берилип, трансформациясы бүткөн”-деп билдирди Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы Санжар Эшманов.

Өкмөт мүчөлөрү билдирген маалыматтарга караганда долбоор 60 миллион сомго бааланган. Эл өкүлү ал сумма аз экенин айтып, жергиликтүү казынадан 120 миллион нарктагы долбоор жазылганын айткан. Башка тараптап акча үнөмдөө аркылуу таза суу долбоорун ишке ашырса болот деген эл өкүлү Нурбаев.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысынын айтымында 2019-жылы айылдарда таза суу таңкыстыгы толук жоюлат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген