Айылда аалам тилин үйрөнгөн гид. Ал туристтик компания ачууну кыялданат

Таанышып алыңыздар – бул Абдумалик Базарбаев. Азыр 19 жашта, ОшМУнун студенти, болочоктогу журналист.  Алайдын Сары-Могол айылынун кулуну. Жаш болгон менен Абдумаликтин туристтерди тейлөө жаатында бай тажрыйбасы бар. 15 жашынан атасы Урайым менен чогуу чет өлкөлүктөргө гид кызматын көрсөтүп келет. Англис тилин туристтерден үйрөнүп алган каарманыбыз азыр бул тилде түш жоруйт – чет элдиктерге Кыргызстан, бул өлкөнүн маданияты, жаратылышы тууралуу эркин айтып бере алат.  

Абдумалик Базарбаев учурда  “Памир трек”, “RVM” жана “Памир гайдис” туристтик компаниялары менен иштеп, жылына 300дөй чет элдик конокторду тейлешет. Туристтердин басымдуусу Франциядан келген үчүн ал азыр француз тилин да өздөштүрүүдө. Гид кызматынан сырткары Абдумаликтин үй-бүлөсү иштин көзүн таап, конок үйүн да уюштурган.

– Алыскы тоолуу аймакта туризм тармагын ким, кантип өнүктүрүп жатканын көпчүлүк биле бербейт. Абдумалик, алгач силердин үй-бүлөңөр бул тармакка кантип келип калганы тууралуу кеп салсаң?

Ленин чокусунда советтер союзунан калган альпинисттер  базасы бар. Атам 2008-жылдары ошол базада туристтердин жүгүн ат менен лагерге жеткирүү менен алектенген. Жыл өтпөй туризм фестивалы өтүп, бул жакка турист катары келген франциялык Жаклин Рипард аттуу аял  Кыргызстан жана Тажикстанда ишмерүүдүлүгүн жүргүзгөн “Памир трек” деген компания ачып, Европадан бизге  туристтерди жиберүү, тейлөө менен алектене баштаган. Атам алардын окуусунан өтүп, жергиликтүүлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп гид катары туристтерге жол көрсөтүүгө киришти. Жаңы уюшулганда бир сезондо 5-6 эле топ келчү. Жыл сайын кеңейип отуруп,  азыр компания алдыңкы сапка чыга алды. Атамды ээрчип жүрүп, гидчиликтин сырын, англис тилин үйрөндүм да, 16 жашымдан өз алдымча жол көрсөтүүчүк менен алектене баштагам.

                                           

– Бийик тоодо, атайын курстарга барбай жана кыска мөөнөттө англис тилин үйрөнүп кеткениң өзгөчө кызыгуу жаратып жатат. Бейтааныш тилде сүйлөгөн туристтерди ээрчип жүрүп башка тилди өздөштүрүү кызык болгондур?

–  Алгач тил билбегендиктен, алар менен жүрүү абдан кызыксыз болчу. Тил үйрөнүү зарылчылыгы пайда болду. Алар менен чогуу жүргөндө колума кыргызча-англисче сөздүк китебин  алып , күнүнө бирден сөз жаттап, акырындык менен суроо берүүнү өздөштүрдүм. Аракеттимдин жыйынтыгы болуп, бир жыл ичинде англис тилин толук үйрөнүп кете алдым. Мен аягында курсттардан өткөндөн көрө практикада үйрөнүү жеңил экенин сездим.

                                         

– Туристтер Кыргызстанды, анын ичинде биздин бийик тоолорду кантип таап келишет? Интернет бул жаатта чоң жардамчы болгон менен биздин кичинекей  өлкө тууралуу чет тилдерде маалыматтар, жол көрсөткүчтөр жетиштүүбү?

–  Ар бир келген туристтен Кыргызстан тууралуу маалыматты кантип таптыңар деп сурайбыз. Алар Памир тоолору тууралуу биздин сайттан тапканын айтып беришет. Негизинен биздин өлкө тууралуу көп маалымат жок экенин айтышат. Ошондуктан, Кыргызстанга келчү туристтер да Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге саякаттоого чыгып кетишти деп калышат. 

                                         

– Ленин чокусунан башка дагы эмнелер кызыктырат?

-Биздин келген туристтерге карата атайын программабыз бар. Көбүнчө келген туристтерди Алай жана Чоң-Алай тоолоруна алып чыгам. Алар картадагы Ленин  сыяктуу бийик чокуларга кызыгышат. Мындан сырткары кыргыздардын көчмөн жашоосу менен мал чарбачылыгы алар үчүн чоң табылга. Биздин  даамдар аларды өзүнө тартат. Тамшанып жешип, даярдоо жолдорун көп сурашат.

                                       

– Туристтерди Кыргызстандын табият тамшандырган менен тоолук элдин турмуш-тиричилиги таң калтырса керек. Чет элдиктер кайсы жагдайларга көп кызыгат? Кызыктуу учурлардан кеп сала кетсең.

– Алардын Кыргызстанга тартылганынын себеби катары бийик тоолорду белгилешет. Экинчиден, боз үйлөрдү көрүшүп: “Эмне кышында да ушул жерлерде жашайсыңарбы? Суук эмеспи?” – деп сурай беришет. Мындан сырткары силерде аялдардын турмушу оор экен дешет. Өлкөнөр жакыр жашаганга окшош көрүнгөнү менен нукура тамактарды жей экенсиңер деп көп айтып калышат. Ошондой эле көп тамактанарыбызды жана азык-түлүк арзан экенин белгилешет. Алардын баалаганы – элдин сыпайылыгы жана меймандостугу.

                                         

 – Бизде тейлөө сапаты жогорку деңгээлге чыга элек. Кээде адамдардын оңтойсуз жүрүм-туруму, мисалы, тазалык сакталбаган учурлар болот. Туристтерден уялган учурларың болду беле?

-Биз чет өлкөлүк конокторду аэропорттон алып келебиз. Жолдо келе жатканда таштандыларды көрүп, таң кала беришет. Бир жолу мындай учур болду. “Айылыбыздагы бир киши буларды эмнеге алып келесиңер? Максатыңар эмне?” – деген сыяктуу копол сөздөрдү айтып, алардын көзүнчө урушуп кетти. Айрым түшүнбөгөн адамдар алардын алдында гидди да уят кылган учур болот.

                                          

-Бир жылына канча туристти же келген топту тейлөөгө жетишесиң?

-Мен жайкы убактагы үч айда 300 туристке кызмат көрсөтөм. Кээде топ болуп же үй-бүлөсү болуп келгендер да бар. Ар бир топто бештен сегизге чейин адам болот. Андайда 60 топту кабыл алабыз десек болот.

                                           

-Сыр болбосо кызмат акы же бир топту тейлөө канча турат?

Биздин кызмат көрсөтүүнүн ичинде тоолорго алып чыгуу, ат мингизүү жана тамак-аш менен камсыздоо жагы каралган. Ошондой эле улуттук оюндар жана маданият менен тааныштырабыз. Мисалы, бир туристке он күн кызмат көрсөтүү 15 миң сомдун тегерегинде болуп калат. Алар кээде көп убакытка, айрымдары 2-3 күнгө келишет. Андайда баа ошого жараша эсептелет. 

                                         

–  Алардын коопсуздугуна силер жооптуу болуп эсептелесиңерби?

Туристтерге башында эскертебиз. Мисалы, ат мине турган болсо, алдын ала үйрөтүп, даярдык көрүлөт. Бир жолу Франциядан келгендердин бирөө өз алдынча атка мине коюп, ат качып кеткен. Ошол жердеги боз үйгө жаткырып, дарылаганбыз. Гиддин жанында дайыма дары-дармек болот. Эгер оор жаракат алган болсо, ооруканага алып барабыз. Бирок бизде төрт жылдан бери андай учур каттала элек.

                                    

– Алдыда кандай пландарың бар?

Өзүм компания ачып, туристтерди тартууну улантам. Бул аз да болсо экономикага салым болот. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк бар. Ачкан компаниямдын өлкөнүн бардык аймактарында филиалы болуусун каалайм. Өзгөчө өлкөнүн кооздугу жана меймандостугун жайылткым келет. А журналисттик кесибим боюнча башка мамлекеттерге чыгып, материал жасап келгим келет. Ар бир кыргызстандыктын коңшу мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, мен чет өлкөнүн маданиятын, салт-санаасын элибизге көрсөтүп берсем дейм. Кооз жерлерге бай, маданияты кенен, эли  меймандос  Кыргызстанымды  бүтүндөй дүйнөгө таанытсам деп кыялданам.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген