Айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга ишкерлер кол сунат

Ноокат районунун «Бел» айыл өкмөтү Кыргызстандагы дотацияда турган 382 айыл өкмөтү бири. Анын жылдык кирешеси 6 миллион сом болуп, көйгөйдү чечүүгө каражат толук жетпейт.

“Эгерде жылдык кирешебиз 12 миллион сом болсо дотациядан чыгат элек”-дейт Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Калмамат Казначиев.

Аталган айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу, инвестиция тартуу боюнча “Үлгүлүү айыл өкмөт” аталышындагы форум жеке ишкер тарабынан уюштурулду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, акимдер, айыл өкмөттүн башчылары катышты. Анда Бел айыл өкмөтүнүн  5 жылдык стратегиялык планы түзүлгөнү айтылып, максаттар аткарылса 5 жылда дотациядан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн ички жана тышкы инвестицияны өнүктүрүү керектиги  форумда баса белгиленди.

“Буга чейин айыл өкмөттөр тарабынан бир топ долбоорлор даярдалып, натыйжада ишке ашпай калган учурлар көп катталган. Анын негизги себеби айыл өкмөттөрдөгү долбоор жазган адистердин сабатсыздыгынан”-деп билдирди  Кыргызстандагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин бөлүм башчысы Нурадил Баясов.

Айыл өкмөттөрдүн дотациядан чыгуу аракетин жакшы деп баалаган Нурадил Баясов, инвестиция тартуу үчүн агенттик тарабынан жардам бериле турганын кошумчалады.

Кыргызстанда 80% айыл өкмөттөр дотацияда. Жалпы өлкө боюнча 483 айыл өкмөттүн 382 си борбордук казынага көз каранды. Бул маалымат жыл башында аймактарды өнүктүрүүгө багыталган өкмөттүн жыйынында айтылган. Акыркы 4,5 жыл ичинде дотацияда отурган айыл өкмөттөрдүн саны кыскарган эмес. Мисалга Ноокат районунда 16 айыл өкмөттүн бири гана өзүн өзү каржылайт. Ал эмес бир райондогу бардык айык өкмөттөр дотацияда тургандары да бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген