Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүгө салым кошкон өзбекстандык жазмакерлер сыйланды

“Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-өзбек адабияттык байланышы” деп аталган Эл аралык конференциянын алкагында, Өзбекстандагы “Эл аралык Айтматовдук клуб” ассоциациясынын жана котормочулардын, жазуучулардын, окумуштуулардын Эл аралык Айтматов академиясынын мүчөлөрүнө атайын сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу билдирген өзбекстандык журналист Төлөнбай Курбанов өзү да, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон салымы үчүн төш белги менен сыйланды.

Мындан сырткары, сыйлыктар жазуучунун чыгармаларын өзбек тилине которгону үчүн өзбекстандык белгилүү жазуучу жана публицист Асил Рашидов жана Өзбекстандын эмгек сиңирген илимий ишмери Ибрагим Гафуровдорго берилди. Ошондой эле, «Ч.Айтматов жана Өзбекстан” борборунун директору, Өзбекстандын Улуттук университетинин профессору Ахмаджон Мелибоевге да тапшырылды.

Бул сыйлыктар кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Өзбекстанда 2018-жылы өткөнүнө байланыштуу берилди. Аларды Кыргызстандын бул мамлекеттеги элчиси Ибрагим Жунусов жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдер тапшырышты.

Дүйнөгү белгилүү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы, 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулуп, 2008-жылы, 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Ал – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон. Анын чыгармалары жүздөгөн тилдерге которулган.

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген