Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралар бүгүн башталат

Бүгүн, 12-январда Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаранын ачылышы болот. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышаарын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 21-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, улуу ойчул  жазуучунун  улуттук  жана дүйнөлүк адабият, маданиятка  кошкон зор салымын эске алуу менен Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы  2018-жылы  улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгиленет.

Ал эми жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2 айлык мөөнөт ичинде  иш-чаралар планын иштеп чыгып,  бекитүү милдети коюлду. Аткарылчу иштин  көлөмүнө жараша жумшалчу зарыл финансы каражатын бөлүү жагы да каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген