Айтматов улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, – Сооронбай Жээнбеков

Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти.  Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучунун туулган күнүнө карата жазган кайрылуусунда билдирди. 

“12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт. Бул күн Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат.

Чынгыз Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.
Ал ааламдык ойчул экендигин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары “ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.
“Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт”. Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы. Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти.

Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тазалыкка, аруулукка үндөп келет. Жазуучунун улуу көркөм мурасын терең өздөштүрүү, кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Айтматов – доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам – улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!” – деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген