Айсулуу Тыныбекова япониялык атаандашынан жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашынан жеңилип калды.

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакта катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кызга жеңилип калды.

Айсулуу Тыныбекова 1:1 эсеби менен келе жатып, мелдеш бүтөөрүнө 10 секунд калганда япониялык балбан кыздын жасаган ыкмасынан улам жеңилип калды. Жыйынтыгында 6:1 эсебинде япониялык балбан кыз жеңишке ээ болду.

Айсулуу Тыныбекованы жеңген япониялык балбан кыз Юкако Каваи мелдештин финалына чыкса, Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Айсулуу Тыныбекова бүгүн килемге чыгат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген