Айсулуу Тыныбекова Италиядагы мелдеште алтын медаль утту

Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште жеңүүчү болду. Ал 62 кг чейинки салмакта күч сынашкан.

Тыныбекова таймаштын 1/8 финалынан баштап катыша баштаган. Алгачкы атаандашы кытайлык Жиа Лонгду жеңип алган. Чейрек финалда амеркалык Мэйси Эллен Калтинини 10:0 эсебинде уткан. Ал эми финалда россиялык спортчу Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Түркияда ушул жылдын 10-12-январь күндөрү өткөң мелдеште дагы алтын медаль уткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген