Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында (Норвегия) өтүп жаткан кыз -келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалын тагынды.

62 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште АКШнын өкүлү Кайла Миракел Айсулуунун атаандашы болуп калды. Айсулуу Тыныбекова ишенимдүү түрдө 7-0 эсеби менен жеңди.

Бул Тыныбекованын экинчи чемпиондук алтыны. Ага чейин Кыргызстандан эч ким Дүйнө чемпиондугунун эки жолку алтынын алган эмес.

Эске салсак, 2019-жылы Нур-Султан шаарында (Казакстан) Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болгон. 2020 -жылы ал Дүйнө чемпиондугун утуп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин учурдагы Дүйнө чемпиондугунда балбан Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло медалга ээ болушту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.