Айсулуу Тыныбекова бүгүн килемге чыгат

Бүгүн,  21-февралда Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында килемге чыгат. Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. 

Айсулуу чемпионаттагы алгачкы кармашын чейрек финалда япониялык Юкако Каваиге каршы өткөрөт. Эки спортчу 62 кг салмак категорияда күч сынашат.

Белгилей кетсек, учурдагы дүйнө чемпиону Тыныбекова буга чейин япониялык спортчу менен 2 ирет беттешип, экөөндө тең жеңишке жеткен. Алгач 2019-жылы Азия чемпионатынын финалында  утуп алса, Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 2-жолу кез келип, анда дагы жеңишке жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген