Айсулуу Мамашева: Коммерциялык банктар сүткорлук кылбай, ишкерлерге жардам берсин

Чыгымга учурап жаткан ишкерлерге коммерциялык банктар сүткорлук кылбай жардамдарын бериши зарыл. Ал үчүн Улуттук банк маселени катуу коюу аркылуу күтүлүп жаткан кырдаалга каршы турушу керек. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу отчет берүү учурунда билдирди.

Мамашеванын пикирине жооп кылып Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов  ишкерлерге жардам берүү сунушу берилгендигин билдирди.

“Аталган банктардын кызматкерлери дагы ишкерлер болуп саналат, андыктан, аларга буйрук бере албайбыз. Ошого карабастан, кайрылган ишкерлердин маселесин колдон келишинче чечип берүү чаралары көрүлөт. Учурда улуттук валютанын жөндөмдүүлүгүн камсыздоонун аракетиндебиз”,- деди Абдыгулов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген