Аймактарга эконом класстагы үйлөр салынат

Ушул жылы өлкө аймагына эконом класстагы батирлер түшүп, алар 5%га чейинки үстөк  менен  берилиши пландалууда.

Долбоор өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай” программасынын алкагында жүзөгө ашырылып, бардык жарандарга үй сатып алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Турак үйлөр бир жана эки бөлмөлүү болуп, заманбап шарттары менен салынмакчы. Бул үчүн каражатты Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берип, ал эми  үйлөрдү бөлүштүрүүнү Мамлекеттик ипотекалык компания колго алат. Курулушка кеткен каражатты фонддон сырткары өнөктөш банктар да берет.

ЖКнын депутаты Бейшенбек Абдразаковдун айтымында, эгерде өкмөттүн демилгеси ишке ашса, жер-жерлерде жумушчу орундар түзүлүп, социалдык мекемелер ачылып, казынага салык түшмөк. Андыктан программанын өзөгү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө багытталышы керек дейт депутат.

“Бул курулуш тармагы экономиканын индикатору болуп эсептелет. Эгерде мамлекет курулушту колго алса, анда бул долбоор өзүнүн артынан көп нерсени алып келет,”- деди Абдразаков.

Экономист Айылчы Сарыбаев жөнөкөй жарандарга ипотека берүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп табуу керектигин айтат.

“Насыя берүүнүн учурдагы жолдору коммерциялык багытка ылайыкташтырылган. Эконом класстагы үйлөрдүн пайызын 3-4 пайызга түшүрүү зарыл,-”дейт Айылчы Сарыбаев.

Учурда аталган долбоордун үстүнөн өкмөт фонд менен биргеликте иш жүргүзүп жатат. Программанын качан ишке кирээри, алардын так баасы жана үстөк пайызы тууралуу өкмөт менен курулуш компаниялардын жолугушуусунан кийин гана белгилүү болот.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Гүлзара Бакаева

Оператор-монтажёр: Рустам Нарынбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген