Ноокатта эл паспорт берүүчү мекеменин ишине нааразы

Ноокат райондук паспорттук -визалык жана каттоо иштеринин аймактык бөлүмүндө кезек күткөндөрдүн саны көп. Айрым учурларда кезек күтүүлөр  2, 3 күнгө чейин созулууда. Андыктан Ош шаарындагы калкты тейлөө борборуна кайрылууга туура келген учурлар болууда.

Нааразы болгондордун бири Абсатар Абдулхамидов Ноокат районунун тургуну паспорт алуу үчүн Ноокаттагы калкты тейлөө борборуна кайрылып, натыйжада 14 күн кезек күткөн. Күндө канчалык эрте барбасын баары бир 80-90-кезекте  туруп паспорт ала албагандыктан Ошко келүүгө мажбур болгон.

“Келиниме паспорт алып берейин деп күндө Ноокаттагы паспорт столго тан атпай эле келем. Бирок кезекте тургандар аябай көп болгондуктан, мен паспорт алганым жок. Же бир отура турган орундук жок. Акыры айлам кетип  Ошко келдим”-дейт Абсатар Абдулхамидов.

Мындай көйгөй облустун башка аймактарында да бар. Андагы кызматкерлердин аздыгынан кезекте тургандар жүздөп саналат . Аны менен катар көпчүлүк учурда паспорт алуучунун аты жөнү базадан чыкпай, же кыргыз арибинде жазылбай калып, натыйжада убарагерчилик тарткандар көп.

Нааразы болгон жарандардын айтымында, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин жакшыртуу керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген