Айгүл-Тоо ботаникалык коругу жок болуп кетүү коркунучунда турат

Айгүл-Тоо ботаникалык коругундагы 20 гектар аянтты ээлген көчөттөр суу жетпегендигинен улам куурап жатат. Ал гана эмес ажатканалар да суу жоктугунан иштебей, келген зыяратчыларга шарт түзүлбөй жатат. Эки жыл мурда корукту көрктөндүрүү үчүн тамчылатып суугаруу ыкмасы үчүн ар бир көчөттүн астына суу куурлары тартылган . Бирок  ушул убакка чейин суу келген эмес.

Баткен районунун борборунан 20 чакырым алыстыктагы Айгүл-Тоо ботаникалык коругу эки жыл мурда тосулуп, көрктөндүрүү иши башталган эле. Анда 20 гектар аянтка өрүк, бадам, мисте, шабдалы, гилас жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулган. Бирок корукка суу келбей, баары куурап калган.

Эки жыл мурда курчап турган айлана чөйрөнү көрктөндүрүү фонду тарабынан тендер жарыяланып, көчөттөрдү тамчылатып сугаруу системасын киргизүү ишке ашкан. Анда 20 гектар аянтты сугаруу үчүн 70 тонналык суу идиши менен куурлар орнотулган. Кампага Кара-Булак айылынан суу алып келүү пландалган. Бирок жергиликтүүлөрдүн каршылыгынан улам план ишке ашпай турат.

 “24 күндө бир жолу 2 саатка гана суу берилет.Бул убакта эч нерсеге жетишпейбиз. Анткени бачокторду толтуруу үчүн 4 сутка керектелет.Муну түшүндүрүп айтсак да эл суу бербей койду”,- дейт Баткен токой чарбасынын кызматкери Аскарбек Дүйшеев.

Корук 2008-жылы трансформацияланбай туруп токой чарбанын балансына өтүп калган. Деген менен жайгашкан жери Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагында турат. Көрктөндүрүү иши эки тараптуу жүргүзүлгөн үчүн канча акча сарпталып, канча иш аткарылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Учурда ал боюнча Баткен аймактык каржы полициясы такташтырып жатат.

 “ Биз азыр бүт документтерди толуктап, жогорку кеңешке жибердик, эгер трансформацияланса биздин карамакка толук өтөт. Ошондо биз өзүнчө сквожина орнотолу деп жатабыз”,- деди Баткен токой чарбасынын жетекчиси Абдыкалык Кимсанов.

Эгерде Айгүл-Тоо ботаникалык коругу толугу менен Токой чарба башкармалыгына өткөрүлсө, 5 жыл аралыгында ийне жалбырактуу дарактар өстүрүлүп, астына айгүл гүлдөрү айдалат. Анткени гүл салкын жерлерде гана өсөт.

2015-2016-жылдар аралыгындагы көрктөндүрүү ишинин алкагында тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулуп, гүл көргөнү келгендер үчүн тоо бооруна тепкичтер курулуп, отургучтар орнотулган.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген