Айгүл-Таш – Согмент жолу 10 жылдан бери бүтпөй турат

Баткендеги Айгүл-Таш-Согмент жолунун курулуш иштеринин башталганына 10 жылга чамалап калды. Акча убагында бөлүнбөй, эки айылдын эли шарты катаал жол менен район борборуна каттоого мажбур. Ошентип, өлкө ичинде Өзбекстандан көз карандысыз каттап  калабыз деген жергиликтүүлөрдүн үмүтү толук акталбай турат. 

Аталган жолго асфальт же шагыл төшөлгөн эмес, ошондуктан, кышында чуңкурларга муз тоңуп калса, жай мезгилинде чаңы асманга сапырылат. Буга карабай, Кыштут жана Даркөл айылынын жашоочулары Баткенге ушул жол аркылуу катташат.

Айгүл-Таш- Согмент жолунун узундугу 20 чакырымды түзүп, 2009-жылы салына баштаган.  Жолдун жалпы сметасы 237 млн сомду түзсө, 119 млн сомдук гана жумуш аткарылган.

Облустук тейлөө ишканасы акча жоктугунан бардык иштер токтоп калгандыгын билдирип, каражат бөлүнөөрү менен курулуш иштери аягына чыгаарын айтышты.

2013-жылга чейин аталган эки айыл өкмөттүн жашоочулары Өзбекстандын Сох району аркылуу гана Баткенге катташчу. Үч тарабын тоолор курчап тургандыктан, райондун борборуна барыш үчүн чек арадан сааттап кезек күтүп, анан гана өтүп келишкен. 2013-жылкы Чарбак окуясынан кийин чек аралар жабылып, транспорттук каттамдар токтогон. Мындан улам ошол эле жылы көз карандысыз Айгүл-Таш- Согмент жолу ишке кире баштаган.

Текст: Феруза Аскарбек кызы

Видео: Жыргал Абдижалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген