Айгүл кучактаган кыздын аты-жөнүн аныкташты

Социалдык тармак колдонуучулары үзүлгөн бир кучак Айгүлду кармап, сүрөткө түшкөн кызга “издөө” салышты. Кызыл китепке киргизилген өзгөчө коруктагы өсүмдүккө мындай мамиле көпчүлүктүн нааразылыгын жаратты. 

“Фейсбукта” Мырза Добутов деген колдонуучу Айгүлдү үзгөндөрдүн сүрөтүн чыгарып, колдонуучулардан булардын ким экенин аныктоого жардам сураган.

 

Колдонуучулардын айрымдары сүрөттөгү кыздын аракетин сынга алса, дагы башкалары балким ал билбестиктен гүлдү үзгөндүр, жасаган иши кечиримдүү дешти.

Көп өтпөй эле Мырза Добутов сүрөттөгү кыз Динара Калбекова экенин жарыялады. Аны “Одноклассники” тармагынан табышкан.

Эске салсак, чанда кездешкен Айгүл гүлү кызыл китепке киргизилген. Ал гүлдөгөн апрель айында Баткендеги Айгүл тоого күнүнө миндей адам чыгат. Өсүмдүккө аесуз мамиле кылгандар үчүн жергиликтүү бийлик ар кандай чараларды киргизүүгө аракет көрүп келет. Быйыл облустук жетекчилик Айгүлдү үзгөндөргө айып пул киргизген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген