Айдоочулардын эсине! Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

15-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Коопту аталган аймактарга Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кирет.

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген