Айдоочулардын эсине! Бүгүн унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Ош шаардык салык кызматы 2-сентябрь унаа салыгын төлөөнун акыркы күнү экендигин эскертет. Өз убагында төлөбөгөн жарандарга мыйзам чегинде айып пул салынат. Бул тууралуу “Ынтымакка”Ош шаарынын салыктарды жыйноо бөлүмүнүн жетекчиси Жолборс Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрь дем алуу күнүнө туура келгендиктен салык төлөөнүн мөөнөтү бир күнгө узартылды.

“Унаа салыгын өз учурунда төлөбөгөн жарандарга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Ар бир салык төлөөчү акыркы мөөнөттү күтпөй эле өз ыктыяры менен төлөп койсо бизге да жеңил болмок. Анткени салык төлөөнүн акыркы күндөрүндө эл көп болуп, аларды тейлөөдө көйгөй жаралууда”-деди ал.

Ушул тапта, Ош шаарында 70 миңден ашуун унаа каттоого алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген