Айдоочулар Кытайга виза алуу үчүн алты айдан бери кезек күтүшүүдө

Кыргызстандан Кытайга оор жүк ташып иштеген айдоочулар виза алуу үчүн алты айдан бери кезек күтүп жатышат. Ага кошумча уруксат кагазын алуунун наркы миң долларга жогорулаганын айтышууда. Жумуштун кечеңдешинен үй бүлөсүн бага албай, карыздары көбөйүп кеткенин белгилеп жатышат.

Өткөн жылдын август айынан бери виза ала албай убара тартып жүрөбүз. Негизги себеби катары Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде теракт болгонун айтып келе жатышат. Андан бери виза берүү электрондоштурулду. Бирок ага да кезек күтүү эки, үч айга созулуп жатат. Ошол эле учурда электрондук кезекке туруу Бишкек шаарында гана жүргүзүлүп жатат. Ага баруу үчүн да  5-6 миң сом керек болот”,- деди айдоочу Замирбек Каракожоев.

ТИМдин түштүк аймагындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун айтымында, бул маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Бирок Кытай Эл Республикасы виза берүү тартиби өзгөргөнүн айтып келе жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген