Айдоочулар кайрадан экзамен тапшырышы мүмкүн

Өлкөдөгү бардык айдоочулар кайрадан экзамен тапшырышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку кеңеште өткөн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда эл өкүлдөрү билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы 10 жылда жол кырсыгынан 10 миңден ашуун адам каза тапкандыгын айтып, кырсыктардын 57%ы Ош менен Бишкекте катталаарын белгиледи. Депутаттардын айтымында, жол кырсыктардын 86%ы айдоочулардын айыбы менен жүз берет.

“Айдоочулар жол эрежелерин билишпейт, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн адамдарды коё беришпейт. Ошондуктан, мен аларды кайрадан экзаменден өткөрүш керек дегенге кошулам”,- деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди. Ал үчүн учурда укуктук-ченемдик базага тийиштүү  өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттер жүрүп жатат.

“Негизи айдоочулукка окуп жатканда эле эрежелерди так үйрөнүп, кырсыктын алдын алыш керек”,- деген пикирин айтты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Ал эми айдоочулар депутаттардын бул пикирине караманча каршы чыгышууда. Алардын айтымында, экзамен учурунда баягы эле паракорчулукка орун берилеээри анык.

“Эгерде чын эле унаа кырсыктарына бөгөт коюу керек болсо, анда жаңыдан айдоочулук күбөлүк алып жаткандарга көзөмөлдү күчөтүшсүн.Союз маалында окумайынча документ берилчү эмес. Азыр экзамен алгандан пайда деле жок, көпчүлүгү акча менен кутулуп кетет”,- дешет айдоочулар.

Өткөн жылы Бишкек-Ош жолунда кырсык көп катталган. Буга унаа башкаргандар эмес, жолдун начардыгы себеп экендигин айткан айдоочулар да бар.

 “Биринчи кезекте жолдордун абалына көңүл буруулары керек. Чуңкурдан качам  деп эле кырсыкка учурагандар, адамды коюп кеткендер толтура”,- деди айдоочу Курстанбек Мамажусупов.

Талдоочулар дагы экзамен алуу менен эле кырсыктар азайбай тургандыгын айтышат. Бирок  жолдорго видео камераларды орнотуу менен айыптууларды таап, кылмыш, жол кырсыктарын азайтууга болгон “Коопсуз шаар” долбоору даярдалган. Деген менен 2012-жылы түзүлгөн долбоор 6 жылдан бери толук кандуу ишке ашпай турат.

Сюжет: Нуржамал Баргыбаева, Азам Бузриков.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген